Түркиялык YDA Group компаниясы «Манас» жана «Ош» аэропортторун сынаксыз 39 жылга башкарууга алат - Жанар Акаев

Түркиялык YDA Group компаниясы «Манас» жана «Ош» аэропортторун сынаксыз 39 жылга башкарууга алат - Жанар Акаев

Түркиянын YDA Group компаниясы 39 жылга “Манас” жана “Ош” аэропортторун сырттан башкарууга алат. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, бул түркиялык компания ачык сынаксыз тандалып алынган.

«Ачык сынак өткөрүү пландалган болчу, ага германиялык жана кореялык компаниялар катышмак. Министрлер кабинети болсо сынаксыз эле баарын түркиялык YDA INSAAT компаниясына 39 жылга өткөрүп берүүнү чечти. Тышкы иштер министрлиги менен өкмөттөр аралык комиссия терс чечим чыгарган. Компания 557 млн доллар инвестициялоону пландаштырууда. Бирок аэропорт жылына 50 млн доллар берет, жыл сайын 5%га өсөт. Биз жөндөн жөн эле түрк банкына 207 млн доллар пайыз төлөйбүз», — деп Акаевдин айткан сөзүн 24.kg жазат.

Депутат Шайлообек Атазов кесиптешин колдоп, аэропорт тууралуу маалыматты угууну сунуштады.


Economist.kg мурда билдиргендей, Кыргызстан 2021-жылдан бери Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен биргеликте «Манас» аэропортун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча иштеп келет. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында “Манасты” өнүктүрүүгө финансылык гана эмес, операциялык тажрыйбаны да алып келе турган ири инвесторду тартуу пландалууда.

Ошол эле учурда “Ош” аэропортуна инвестор тартуу боюнча буга чейин эч нерсе айтылган эмес.

«Манас» аэропортун модернизациялоо долбоорун ишке ашырууга тогуз компания кызыкканын билдирген:

  • Munich Airports (Германия)
  • Korea airports corporation (Түштүк Корея)
  • Incheon airports (Түштүк Корея)
  • EGIS (Франция)
  • YDA Group (Түркия)
  • Corporation America airports (Аргентина)
  • Airports of Regions (Россия)
  • GMR Group (Индия)
  • ICTAS (Түркия)

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы асма жол ачылат

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы асма жол ачылат

Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында өлкө жетекчилигинин катышуусунда жаңы асма жол расмий түрдө ачылат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, тоо башына курулуучу мейманканалар жана тамактануучу жайлар экологиялык стандарттарга ылайык жана бардык эрежелерди сактоо менен ишке ашырылууда. “Жакынкы келечекте Кыргызстандын ар бир тоосу жана

Жогорку Кеңеш дагы 4 жаңы депутат менен толукталды

Жогорку Кеңеш дагы 4 жаңы депутат менен толукталды

Бүгүн КРнын Жогорку Кеңешинин пленардык отурумунун жүрүшүндө,  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров депутаттардын жаңы курамы менен тааныштырып, эл өкүлдөрүнун ант берүү аземи болду. Т.Шайназаровдун айтымында, Боршайком 2026-жылдын 13-февралында 2025-жылдын 30-ноябрындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодогу №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, 2025-жылдын 3-декабрындагы №160-токтомун кайра карап, ал токтомду жокко

Финансы министрлигинин гранттары Чүй облусундагы  долбоорлорду  192 млн сомго каржылаган

Финансы министрлигинин гранттары Чүй облусундагы долбоорлорду 192 млн сомго каржылаган

2025-жылы Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн стимулдаштыруучу (үлүштүк) гранттардын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жалпы суммасы 365 млн 872 миң сомду түзгөн 89 долбоорду ишке ашырган. Бул тууралуу бүгүн Чүй облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев 2026-жылга карата Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерине арналган коллегиянын

Социалдык кызматкерлер өлкө боюнча 9 452 муктаж жаранга жардам көрсөтүшөт

Социалдык кызматкерлер өлкө боюнча 9 452 муктаж жаранга жардам көрсөтүшөт

Бүгүнкү күндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык, райондук жана райондор аралык башкармалыктарында 2026-жылдын 1-январына карата 854 социалдык кызматкер социалдык жардамга муктаж болгон 9452 жаранга үйүнө барып кызмат көрсөтүшөт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Алардын ичинде: • жалгыз бой улгайган жарандар – 3819 адам; • майыптыгы бар адамдар – 2313 адам; • жубайлар – 350 үй-бүлө;