Жалал-Абад жаңы темир жол жана энергогенерацияга байланыштуу Кыргызстандын экинчи экономикалык точкасына айланмакчы - минкаб
Министрлер кабинети Кыргызстандын экинчи экономикалык жүрөгүн түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Мындай таяныч пунктунун борбору Жалал-Абад шаарында жайгашмакчы. Бул тууралуу минкаб башчысы Акылбек Жапаров парламенттин кечээги 29-июндагы жыйынында билдирди.
«Электр энергиясынын үчтөн экиси Жалал-Абад облусунда иштелип чыгат, ошондой эле “Түндүк-Түштүк” альтернативалык жолу Жалал-Абад аркылуу өтөт, темир жол түйүнү (Балыкчы – Кара Кече – Жалал-Абад) да ошол жерде жайгашат», – деди министрлер кабинетинин башчысы.
Жапаров ошондой эле азыркы министрлер кабинети токтоп калган ишканаларды сатуу саясатынан алыс экенин кошумчалады. Анын ордуна бийлик токтоп турган заводдорду калыбына келтирүүнү көздөйт.
Жапаров “Майлуу-Суу лампа заводун” мисал келтирди. Анын айтымында, бул ишкана мамлекетке кайтарылып, министрлер кабинети аны реанимациялоо боюнча 1 млрд сомдук бизнес-долбоорду бекиткен.