Жогорку Кеңештин сессиясынын аякташына карата депутаттар үчүн дагы той өткөрүлөт

Жогорку Кеңештин сессиясынын аякташына карата депутаттар үчүн дагы той өткөрүлөт

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров парламенттин кезектеги жыйыны аяктап, каникул башталышына арнап, Жогорку Кеңештин депутаттарын сый тамакка чакырды. Бул тууралуу парламенттин бир күн мурун болгон жыйынында белгилүү болду, деп жазат 24.kg.

Минкаб башчысы парламенттин каникул алдындагы акыркы жыйынына президент Садыр Жапаров келерин айтып, жыйындан кийин саат 20:00дө депутаттарды кечки тамакка чакырды. Бирок салтанаттуу иш-чара кайсы жерде өтөрүн министрлер кабинетинин башчысы тактаган жок.

Белгилей кетсек, өткөн жылы да парламенттин депутаттары жыйындын соңунда Rixos Hall залында чоң той өткөрүшкөн эле. Анда банкетти спикер Талант Мамытов уюштурган.

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы асма жол ачылат

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы асма жол ачылат

Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында өлкө жетекчилигинин катышуусунда жаңы асма жол расмий түрдө ачылат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, тоо башына курулуучу мейманканалар жана тамактануучу жайлар экологиялык стандарттарга ылайык жана бардык эрежелерди сактоо менен ишке ашырылууда. “Жакынкы келечекте Кыргызстандын ар бир тоосу жана

Жогорку Кеңеш дагы 4 жаңы депутат менен толукталды

Жогорку Кеңеш дагы 4 жаңы депутат менен толукталды

Бүгүн КРнын Жогорку Кеңешинин пленардык отурумунун жүрүшүндө,  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров депутаттардын жаңы курамы менен тааныштырып, эл өкүлдөрүнун ант берүү аземи болду. Т.Шайназаровдун айтымында, Боршайком 2026-жылдын 13-февралында 2025-жылдын 30-ноябрындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодогу №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, 2025-жылдын 3-декабрындагы №160-токтомун кайра карап, ал токтомду жокко

Финансы министрлигинин гранттары Чүй облусундагы  долбоорлорду  192 млн сомго каржылаган

Финансы министрлигинин гранттары Чүй облусундагы долбоорлорду 192 млн сомго каржылаган

2025-жылы Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн стимулдаштыруучу (үлүштүк) гранттардын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жалпы суммасы 365 млн 872 миң сомду түзгөн 89 долбоорду ишке ашырган. Бул тууралуу бүгүн Чүй облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев 2026-жылга карата Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерине арналган коллегиянын

Социалдык кызматкерлер өлкө боюнча 9 452 муктаж жаранга жардам көрсөтүшөт

Социалдык кызматкерлер өлкө боюнча 9 452 муктаж жаранга жардам көрсөтүшөт

Бүгүнкү күндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык, райондук жана райондор аралык башкармалыктарында 2026-жылдын 1-январына карата 854 социалдык кызматкер социалдык жардамга муктаж болгон 9452 жаранга үйүнө барып кызмат көрсөтүшөт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Алардын ичинде: • жалгыз бой улгайган жарандар – 3819 адам; • майыптыгы бар адамдар – 2313 адам; • жубайлар – 350 үй-бүлө;