Кыргызстандын банктары накталай долларды миллиондоп алып келет, бирок аны Россияга мүшөктөп ташып жатышат - Улуттук банктын жетекчиси

Кыргызстандын банктары накталай долларды миллиондоп алып келет, бирок аны Россияга мүшөктөп ташып жатышат - Улуттук банктын жетекчиси

Кыргызстандын коммерциялык банктары өлкөгө миллиондогон накталай доллар жана башка валюталарды алып келет, бирок алып-сатарлар аларды мүшөктөп Россияга алып кетүүдө. Бул тууралуу кечээ, 30-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.

Жыйында депутат Дастан Бекешев доллардын курсунун айынан банк тармагында жарандарга карата анча жакшы эмес абал түзүлүп жаткандыгына көңүл бурду. Бул тууралуу көп айтылып, бирок кырдаал курчуп баратканын белгиледи.

«Расмий курска карабай, тилекке каршы, [доллар] бир топ кымбат сатылып жатат. Доллар жана башка валюталарды сатуунун көмүскө базары пайда болду. Ал эми силер жарандарыбызга жардам бергендин ордуна, рыноктон доллар сатып алып, ого бетер тартыштык жаратып жатасыңар. Дефицит акча алмаштыруучу жайларда дүрбөлөңгө алып келет. Силерде курс 79 сом болгону менен, акча алмаштыруу жайлары 84-85тен сата башташат», – деп Бекешев чара көрүүгө чакырды.

«Муну тез арада оңдош керек. Биздин соодагерлер кантип келишимдерди түзүшөт, командировкага кантип учат, долларды кайдан сатып алат, кантип долларга товар алышат, билбейм», – деп кошумчалады депутат.

Бөкөнтаев Россиядагы накталай жана накталай эмес доллардын айырмасында болуп жаткан көйгөй Кыргызстанга да жайылып кеткенин айтты.

«Биздин өлкөдө накталай акчага салыштырмалуу накталай эмес доллар өтө көп. Биз накталай доллар сатып алган жокпуз. Биз накталай эмес доллар гана сатып алып, олку-солкулуктарды тегиздеп жатабыз. Айырма ушунда. Бирок накталай долларды биз сатып албайбыз. Сиз айтып жаткан Улуттук банктын курстарынын баары бул накталай эмес доллардын курсу, ал эми накталай рыноктон биз акча сатып алган жокпуз», – деп жооп берди Бөкөнтаев.

Ал эми накталай долларды коммерциялык банктар үзгүлтүксүз жана ири көлөмдө – миллиондоп алып келип турушат деп Улуттук банктын башчысы кошумчалады.

«Бирок мен сизге айткан көйгөй бар экени чын. Бул валютаны валюталык спекулянттар сатып алып, Россияга мүшөктөп ташып жатышат, анткени бизде накталай валютаны алып чыгууга эч кандай чектөө жок”, – деди регулятордун жетекчиси.

Буга карабастан кырдаалды жөнгө салуу керек жана бул Улуттук банктын иши деп Бекешев жооп берди. Бөкөнтаев бул үчүн бардык күч-аракетин жумшоого убада берди.

Мындан тышкары окуңуз

Өткөн жылы Баткенде айыл чарба багытындагы 5 жаңы ишкана ачылган

Өткөн жылы Баткенде айыл чарба багытындагы 5 жаңы ишкана ачылган

Былтыр Баткен облусунда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана сактоо багытында 5 жаңы ишкана пайдаланууга берилген. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнө шилтеме берүү менен "Кабар" маалымат агенттиги жазды. Аймактын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында Кадамжай районунда күрүчтү кайра иштетүүчү жана 3 заманбап мөмө-жемиш сактоочу жай ишке кирди. Ак-Турпак айылында

Парламентте жаңы реформалык кадамдар жана санариптештирүү талкууланды

Парламентте жаңы реформалык кадамдар жана санариптештирүү талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жакында эле президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, парламенттин келерки 5 жылдык стратегиясын талкуулаганын билдирди. Төрага өз сөзүндө санариптештирүү жана реформаларга өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. “Президенттин администрациясында санариптештирүү саясатында чечимдер 10-20 эсе ыкчам кабыл алынат. Бул иштин натыйжалуулугун,

Д.Бекешов: Мамлекеттик ипотека социалдык аз камсыздалган жарандар үчүн жеткиликтүү эмес

Д.Бекешов: Мамлекеттик ипотека социалдык аз камсыздалган жарандар үчүн жеткиликтүү эмес

Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык отурумунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешов мамлекеттик ипотека аркылуу турак жай алуу маселеси аз камсыздалган жарандар үчүн кыйын болуп калгандыгын билдирди. Депутаттын айтымында, бул маселеге министрлер кабинети көңүл бөлүп, атайын программа иштеп чыгып, багаар-көрөөрү жок жетим балдардын турак жайлуу болушуна шарт түзүшү керек. “Алар балдар үйлөрүнөн чыккандан

“Агродиалог-2026”: Эмир Жаманбаев 1 гектардан 80 тоннадай дарбыз алган

“Агродиалог-2026”: Эмир Жаманбаев 1 гектардан 80 тоннадай дарбыз алган

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Агродиалог 2026” форумунда Ысык-Көл районунун Боз-Тери айылынын тургуну Эмир Жаманбаев 1 гектар жерге дарбыздын поларис жана гибриддик визирь сортун эгип, жакшы түшүм алганын билдирди.   “Ысык-Көлдө жай кыска болгондуктан биз тунук целлофан пленкалары менен тамчылатып сугаруу системасын колдондук. Целлофан нымдуулукту сактап, отоо чөптөрдүн өсүүсүнө жол бербесе, тамчылатып