Мамлекеттик ишкана казарма курууга арналган 26 млн сомду коротуп салган
Аскер прокуратурасы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасында бюджеттик каражаттарды башка максаттарга пайдалануу фактысын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, акча мамлекеттик ишканага КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттарынын казармасын куруу үчүн бөлүнгөн.
Аудиттин жыйынтыгында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет 2017-2019-жылдары курулушка 183 млн сомдон ашык каражат которгону аныкталган. Бирок 156.6 млн сомдук гана курулуш-монтаждоо жумуштары бүтүрүлгөн. Дагы 26.7 млн сом башка максаттарга коротулган. Жыйынтыгында кадеттик казарманын курулушу каражаттын тартыштыгынан улам токтоп калган.
Аскер прокуратурасы “Аскер курулуш” ишканасынын жана Коргоо министрлигинин кызматкерлерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, 2-бөлүгүнүн 2-пункту (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана уурдоо) боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.