Садыр Жапаров Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана бюджетти толтурууга кошкон салымы үчүн ишканаларга сыйлык тапшырды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана бюджетти толтурууга кошкон салымы үчүн ишканаларды жана ишкерлерди сыйлады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
КР Ардак грамоталары менен төмөнкү ишканалар сыйланды:
- “Аталык Групп” ЖАК
- “БИОВИТ” ЖЧК
- “Текстиль транс” ЖЧК
Мындан тышкары, бир катар ишкерлерге КР Президентинин атынан ыраазычылык билдирилди:
- «Шоро» ЖАКтын башкы директору Кайрат Эгембердиевге
- «Кайыңды-Кант» ААКнын башкы директору Александр Шалютеге
- «Тегирментинский ГЭС» ЖЧКсынын директору Нияз Ирсалиевге
- «Кыргыз Каганат» ЖЧКсынын директору Кайрат Кокоевге
- «Кант ТШП» ЖЧКсынын директору Санжар Капаровго
- “БАРБОЛ” ЖЧКсынын директору Канатбек Акаевге








