Алматыдан Ысык-Көлгө аба каттамы ачылды - учуу убактысы 40 мүнөт
Алматыдан Ысык-Көлгө аба каттамы ачылды. Бул тууралуу «Манас” Эл аралык аэропорту» ААКтын маалымат кызматы билдирди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда Алматыдан (Казакстан) биринчи каттамды кабыл алды.
SCAT авиакомпаниясы Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча авиакаттамдарды жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат. Учуу убактысы 40 мүнөттү түзөт.
Жумасына 4 каттамга чейин көбөйтүү пландалууда.
Эске салсак, өткөн жылы SCAT авиакомпаниясы Алматыдан Ысык-Көлгө сезондук аба каттамдарын жумасына үч жолу аткарган болчу.