Эсеп палатасы: 2021-жылы эң көп финансылык тартип бузуу Бишкек мэриясында болгон - 16%
Эсептөө палатасы 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча жылдык отчетун жарыялады. Анда Бишкек мэриясында эң көп финансылык тартип бузуулар болгону, тагыраак айтканда, мэрия 4.5 млн сомду мыйзамсыз иштетип жибергени айтылат.
2021-жылы жүргүзүлгөн аудиттердин жүрүшүндө аныкталган финансылык тартип бузууларынын жалпы суммасы 28 288.1 млн сом болгон. Аныкталган финансылык тартип бузууларынын жалпы суммасынан 26 213.6 млн сом калыбына келтирүүгө тийиш. 18 474.1 млн сом калыбына келтирилген. Калыбына келтирүү 70%ды
түзгөн.
“Белгилей кетчү нерсе, калыбына келтирүүгө тиешелүү болгон финансылык тартип бузууларынын жалпы суммасынын ичинен 17 132.9 млн сом 2020-жылга республикалык бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудитинин жыйынтыгы менен, эсеп боюнча оңдолууга тиешелүү болгон ашыкча көрсөтүлгөн кредитордук карыз жана 2 383.7 млн сом Бишкек шаарынын мэриясынын 2019-2020-жылдарга аудитинин жыйынтыгы менен аныкталган жашырылган дебитордук карыздар” – деп айтылат отчетто.
