Германиядан келген делегация түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт - бир катар долбоорлорго колдоо көрсөтөт
Германиядан келген делегация Ош жана Жалал-Абад шаарларында иш сапары менен жүрүшөт жана бир катар долбоорлорго колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, Германиянын Өнүктүрүү министрлигинин Кыргызстан боюнча кеңешчиси Дагмар Кренц айым жетектеген немис делегациясы Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы өнүктүрүү долбоорлору менен таанышууда.
Бул сапарда Ош шаарындагы үй-бүлөлүк ден соолук борборуна, кесиптик багыт берүү борборуна жана «Аялдардын тынчтык банкы» бейөкмөт уюмунун ишине Германия колдоо көрсөтөөрү айтылды.
Бул долбоорлордон тышкары, делегация Ош облусундагы эки чакан айыл чарба долбоорлорун (айыл чарбалык баалуулуктарды түзүү кредиттери) жана турак жайды каржылоо долбооруна барышкан. Жалал-Абад облусунда делегацияны Сузак районунун айыл чарба кооперативинде кабыл алып, Арсланбопто туризмди жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча бир нече долбоорлор менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.





