Күзгө даярдык: Республика боюнча 1.5 миң дан жыйноочу комбайн бар - 80% камсыздайт
Кыргызстандын аймагында бардыгы 1960 дан комбайны бар болсо, анын 1577 даанасы ишке жарайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин айыл чарба субъектилердеги оруп-жыюучу техникалардын 1-июлга карата даярдыгы тууралуу маалыматта республика боюнча 1.5 миң дан комбайны бар экени айтылат.
Андан тышкары:
- Тракторлор – 20 миң 298 (92% камсыздайт)
- Чөп чапкычтар – 3262 (91% камсыздайт)
- Тырмоолор – 1377 (90%)
- Дары чачкычтар – 938 (93%)
- Дан тазалоочу машиналар – 455 (84%)
- Трактор чиркегичтери – 8476 (90%).