Үрүмчү - Бишкек аба каттамы жанданат

Үрүмчү - Бишкек аба каттамы жанданат

Үрүмчү – Бишкек авиакаттамы жанданды. Бул тууралуу «Манас” эл аралык аэропорту” ААКтын маалымат кызматы билдирди.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданууда.

Эртен 5-июлдан тартып, «Түштүк Кытай аба жолдору» авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарат. Учуу убактысы 2 саатты түзөт.

Белгилей кетсек, Кытайга аба каттамдар 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам үзгүлтүккө учураган болчу.

Пандемияга чейин China Southern Airlines авиакомпаниясы Үрүмчү –Бишкек – Үрүмчү багытында үзгүлтүксүз аба каттамын аткарып келген.

Мындан тышкары окуңуз

Дыйканчылыктын "чемпиондоруна" 25 миң сомдук сертификаттар берилди

Дыйканчылыктын "чемпиондоруна" 25 миң сомдук сертификаттар берилди

Бишкекте Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган “Агро Диалог – 2026” иш-чарасы өтүп жатат. Иш-чара айыл чарба тармагындагы инновацияларды жайылтуу, дыйкандардын тажрыйба алмашуусун күчөтүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт. Иш-чаранын алкагында 2025-жылдын жыйынтыгы менен “чемпион” аталган алдыңкы дыйкан-фермерлер салтанаттуу түрдө кызыл килемден өтүшүп, коомчулукка

Кыргызстан жылуулук тармактарын субсидиялоону токтотуу 2033-жылга жылдырылды

Кыргызстан жылуулук тармактарын субсидиялоону токтотуу 2033-жылга жылдырылды

Президент Кыргызстан кол койгон 2026-жылдын 11-февралындагы №39 жарлыкка ылайык, 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 "Отун-энергетика комплекси маселелери жөнүндө" жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөртүүлөр жылуулук менен камсыз кылуучу ишканаларды субсидиялоону токтотуу мөөнөтүнө байланыштуу болду. Баштапкы редакцияда мамлекеттик субсидиялардан баш тартуу 2028-жылга чейин каралса, жаңы редакцияга ылайык бул мөөнөт 2033-жылга чейин узартылды. Жарлыкта

Таласта ишкердикке тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды

Таласта ишкердикке тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды

Талас шаарында региондогу чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү менен көчмө эксперттик жолугушуу өткөрүлүп, анда системалуу тоскоолдуктар талкууланып, 2030-жылга чейинки Чакан жана орто ишкердикти (ЧОИ) өнүктүрүү программасына сунуштар иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Талкуунун негизги багыты жеке менчикти коргоо, административдик бөгөттөрдү жоюу жана бизнестин туруктуу өсүшүнө шарт

Бишкекте экологиялык заводдо абанын булганышы талкууланды

Бишкекте экологиялык заводдо абанын булганышы талкууланды

Күн мурун Бишкек шаарындагы санитардык полигондо жайгашкан катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү экологиялык технологиялык заводдо атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу маселелерине арналган коомдук угуу болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев, депутаттар, Экологиялык кеңештин мүчөлөрү, эксперттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЖМК