Россия КРнын 47 миң жаранын «кара тизмеден» чыгарды - дагы чектөө коюлган 35 миң кыргызстандык бар
Россия КРнын 47 миң жаранын “кара тизмеден” чыгарды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
КР ТИМдин Россия менен жүргүзгөн иштин натыйжасында, мурда РФнын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын жарандарынын тизмеси кыскартылды.
Натыйжада, Россияда «майда» административдик укук бузууларды жасаган 47 миңдей кыргызстандыктын Россиянын аймагына кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынган.
Бирок учурда Кыргызстандын дагы 35 миңге жакын жараны Россияга кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесинде калууда, алардын ичинде россиялык соттордун чечиминин негизинде ал жактан чыгарылгандар да бар.
Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн статусун РФ ИИМдин Миграция боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтындагы “Чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок жактардын РФнын аймагына кирүүгө тыюу салынгандар үчүн негиздерди текшерүү” аталган кызмат блогунан текшере алышат.