Токиодо кыргыз товарларын саткан «Ала-Тоо» соода түйүнү ачылды
1-июлда Токиодо кыргыз товарларын саткан «Ала-Тоо» соода түйүнү ачылды. Ачылуу аземине Кыргызстандын Япониядагы Элчиси Мирлан Арстанбаев катышкан. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Бул долбоорду япониялык ишкер Масуда Эйдзиро КРнын Япониядагы Элчилигинин көмөгү менен ишке ашырган.
Берилген маалыматка ылайык, «Ала-Тоо» соода түйүнүндө КРнын товарлары, ошондой эле курамында Кыргызстандын органикалык өндүрүш бар тамак-аш азыктар сатылмакчы.
Белгилей кетсек, ата мекендик продукцияларды жана товарларды чет мамлекеттерге экспорт кылуу боюнча 2021-жылы Японияга 25.390 млн сомго 43.4 тонна кыргыз балы экспорттолгон (2018-жылы – 8.3 тонна, 2019-жылы – 13.4 тонна, 2020-жылы – 15.7 тонна).

