Пенсия жана жөлөкпул эң көп Ош облусуна бөлүнөт
2022-жылдын январь-июнь айларында пенсия жана жөлөкпулга 27 млрд 326.8 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы билдирди.
Республика боюнча пенсия менен жөлөк пул эң көп Ош облусуна берилет. Бул облустагы калктын жыштыгы менен түшүндүрүлөт.
- Бишкек шаары — 4 млрд 413.3 млн сом
- Чуй облусу — 4 млрд 131.5 млн сом
- Нарын облусу — 2 млрд 171.9 млн сом
- Иссык-Көл облусу — 2 млрд 486.9 млн сом
- Талас облусу — 1 млрд 131.5 млн сом
- Ош шаары — 979.8 млн сом
- Ош облусу — 5 млрд 012.3 млн сом
- Баткен облусу — 2 млрд 299.6 млн сом
- Жалал-Абад облусу — 4 млрд 700 млн сом.
Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2022-жылдын июнь айына 4 млрд 580 млн сомду түзгөн.