Августтан баштап 58 миң мамлекеттик кызматкердин айлыгы жана пенсия 50% көтөрүлөт
1-августтан баштап 58 миң мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда маалымат жыйынында Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Министрдин айтканына таянсак, ал үчүн бюджеттен 7-8 млрд сом бөлүнөт. Мындан тышкары, октябрь айынан тарта пенсиянын да көлөмү 50%га көбөйтүлөт.
«1-августтан баштап 58 миңге жакын мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлүшүн күтүп жатышат», — деди Бакетаев.
Ошондой эле министр 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикалык бюджеттин чыгашаларынын көлөмү 94.3 млрд сомду, ал эм 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында чыгашалардын көлөмү 54 млрд сомго көбөйүү менен 148.7 млрд сомду түзгөнүн кошумчалады.