Мамлекеттик бажы кызматы мектеп бүтүрүүчүлөрүн РФнын бажы академиясында окууга чакырат

Мамлекеттик бажы кызматы мектеп бүтүрүүчүлөрүн РФнын бажы академиясында окууга чакырат

Мамлекеттик бажы кызматы 2026–2027-окуу жылына карата, КРна бөлүнгөн квоталардын чегинде, Россия бажы академиясына жана анын филиалдарына абитуриенттерди кабыл алууну жарыялады.

Билдирүүгө караганда, окутуу эл аралык кызматташтыктын алкагында, Россия Федерациясынын бюджети тарабынан каржыланат жана төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт: “Бажы иши”, “Юриспруденция” жана “Экономика”.

Орто жалпы же орто кесиптик билими бар жана арыз берген учурда 17 жашка чыккан (РБАнын талаптарына ылайык) талапкерлер күндүзгү окуу бөлүмүнө кабыл алынат. Арыздарды жана талап кылынган документтерди 2026-жылдын 15-апрелине чейин зарыл

Окуу аяктагандан кийин, Академиянын бүтүрүүчүлөрү кошумча конкурстук тандоо процессинен өтпөстөн (учурдагы мыйзамдарга ылайык) КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын кадрлар резервине киргизилет.

Кошумча маалымат алуу үчүн 51-08-90 же 51-06-51 (кошумча 209) телефондоруна чалыңыз.

Мындан тышкары окуңуз

Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Кече Кара-Көл шаарында энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Электр станциялар” ачык акционердик коомунда кеңешме өткөрдү. Ага компаниянын башкы дирекциясынын өкүлдөрү, филиалдардын директорлору жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Кеңешменин жүрүшүндө “Электр станциялар” ААКсынын башкы директору Улугбек Мамыралиев компаниянын ишмердүүлүгү, негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр, энергетикалык жабдуулардын учурдагы абалы, оңдоо иштеринин жүрүшү жана 2026–

Ишкер Media
Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

10-октябрда Кочкор темир жол бекетинде алгачкы жолу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын вагондоруна көмүр жүктөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктөлгөн көмүр Бишкек шаарынын ЖЭБине жөнөтүлөт. Жүктөө иштери Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылындагы көмүр аянтчасында жүрүүдө. Ташуу үчүн жалпы сыйымдуулугу 1 000 тонна болгон

Ишкер Media
Бишкекте жол куруу үчүн аймактарды бошотуу уланып жатат

Бишкекте жол куруу үчүн аймактарды бошотуу уланып жатат

Бишкек шаарында инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жол курууга жана жолдорду кеңейтүүгө тоскоолдук жараткан объектилерди демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, Чыгыш айланма жолду куруунун алкагында төмөнкү объектилер демонтаждалды: * “Шнос” май куюучу жайы — 2 000 чарчы метр жер тилкеси бошотулду; * Өндүрүштүк жана техникалык тейлөө

Ишкер Media
“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоо, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында заманбап технологияларды колдонуу кеңейтилүүдө. Азыркы тапта “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка

Ишкер Media