Эки нефтетрейдер бюджеттен дагы акчалай колдоо алат - бул жолу рублдин бекемделишине байланыштуу
Буга чейин бюджеттен 2 млрд сом алган «Партнернефть» жана «Ред петролеум» ишканаларына бюджеттен дагы акча берилет. Мындай чечим ички рынокто туруктуулукту сактоо максатында кабыл алынган. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Экономика министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында билдирди.
Экономика министринин айтымында, күйүүчү-майлоочу май (КММ) менен камсыздоонун минималдуу мөөнөтү алты айды түзөт.
«ЖМКда биздин нефтетрейдерлерге кыска мөөнөттүү бюджеттик кредит берүү тууралуу көп сөз болду, эмне үчүн өзгөчө бул эки компания деген көп талкуу болду. Бул эки ишкана КММнын негизги ташуучусу болуп саналарын жана эң чоң сактоо сыйымдуулугуна ээ кампасы бар экендигин ачык айткым келет. Чечим кабыл алып жатканда КММнын ички запасы эки жумага эле жетерлик бар эле, негизи запас 40 күндөн төмөн түшпөшү керек», – деди ал.
Амангелдиев андан ары чет элдик валютанын туруксуздугун эске алуу менен ликвиддүүлүктө көйгөй жаралып, бул компаниялардын жүгүртүү капиталы азайып, министрлер кабинети аларды колдоо чечимин кабыл алганын кошумчалады.
«Бүгүнкү күндө бул көйгөй чечилди, бирок рублдин бекемделиши жана Россиянын экономикасы менен эсептешүүлөрдүн рублга өтүшүн эске алганда, бул көйгөй кайра жаралууда. Ошондуктан бул компанияларды кайрадан колдоо боюнча чечим кабыл алынды», – деди министр.
Белгилей кетсек, март айында нефтетрейдерлерге КММ сатып алууга бюджеттен 2 млрд сом бөлүнгөн.