Кыргызстан эми Россия менен соодасын толук орус рублинде жүргүзөт
Кыргызстан Россия менен соода жүргүзүүдө эсептешүүлөрүнүн баарын орус рублине өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” билдирди.
Анда министр орус-кыргыз товар жүгүртүүсү толук рублге өткөнүн айткан.
“Анткени Россия SWIFT системасынан чектелгенден кийин операцияларды башка валюталар менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан азыр эң альтернативдүү валютабыз – орустардын рубли болуп жатат. Бажы биримдигиндеги пошлинабыз да азыр Россия менен рубль – сом болуп жүргүзүлүүдө”, – деген ал.
Министрдин айтымында, буга чейин газ жана күйүүчү майлоочу материалдар боюнча “Газпром” менен эсептешүү доллар менен жүргүзүлүп келген.