Бүгүн Чолпон-Атада Борбордук Азия мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусу өтөт
Бүгүн, 21-июлда, Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтөт, ага региондогу өлкөлөрдүн бардык президенттери: Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышат.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушуунун алкагында документтердин олуттуу пакети даярдалды.
Кыргызстандын башчысынын администрациясы да бул иш-чара Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы мамилелерге жаңы дем берет деп ишенет.
Кечээ Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери Чолпон-Атага келишип, Садыр Жапаров аларды Ысык-Көлдөгү этно-маданий туризм менен тааныштырып, “Ак-Кеме” кемесинде бейформал жолугушуу жана боз үйдө кечки тамак уюштурган.
Тажикстан менен Түркмөнстандын башчылары Чолпон-Атага бүгүн келишти.













