Казакстандын президенти «Камбар-Ата-1» ГЭСин биргелешип курууну колдоду
Казакстан Борбордук Азияда транс чек аралык дарыялардын сууларын чогуу пайдалануу үчүн биргелешкен гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.
Мындай пикирин Казакстандын башчысы бүгүн, 21-июлда, Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда айтты, деп билдирет 24.kg. Белгилей кетсек, ага Борбор Азия мамлекеттеринин бардык президенттери катышууда.
Токаевдин айтымында, биргелешкен гидродолбоорлорду ишке ашыруу алкагында Кыргызстанда “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоору кызуу талкууланууда.
«ГЭС Борбор Азия мамлекеттеринин энергетикалык коопсуздугун бекемдейт, айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүү үчүн шарттарды жакшыртат», – деди Казакстандын президенти.
Эске салсак, быйылкы жылдын май айынын аягында КР Президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында да Казакстандын башчысы маанилүү ГЭСтерди биргелешип ишке ашырууну колдоорун билдирген. Анда Токаев Казакстан “Камбар-Ата ГЭС-1” жана Ысык-Көлдө күн электр станциясын курууга катышууну пландап жатканын билдирген.