«Кыргызалкопром» президенттен алкоголдук продукцияны өндүрүүнү монополиялаштыруу боюнча жарлыкты кийинкиге калтырууну суранды
“Кыргызалкопром” ассоциациясы өлкөдө этил спиртин өндүрүүнү жана анын жүгүртүүсүн монополиялаштыруу боюнча жарлыктын аткарылышын кийинкиге калтыруу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго жана министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго ачык кат менен кайрылды.
Ассоциация кырдаалды жакшылап изилдөө үчүн ар кыл тармактын өкүлдөрүн жана бизнес чөйрөсүн тартып, жумушчу топ түзүүнү суранат.
«Жарлык күчүнө киргенден кийин республикада ишкерлер кадимкидей иштеши үчүн шарттар бузулат, рынокто атаандаштыктын жоктугу тармакка терс таасирин тийгизет деп эсептейбиз», — деп айтылат кайрылууда.
Салык жыйымдарын көбөйтүү үчүн мамлекет катаал чараларды көрүп жатканын ассоциация толук түшүнөрүн белгиледи.
«Бирок өлкөнүн эң маанилүү тармактарынын бири туруктуу өнүгүшү үчүн, мамлекеттик жөнгө салуу, контролдоо жана стимулдаштыруу чараларын ченеми менен жана субъекттердин пайдасына колдонуу керек экенин түшүнүү зарыл», – деп баса белгилешет кайрылуунун авторлору.
Белгиленгендей, ассоциация кырдаалды анализдеп, рынокто мониторинг жүргүзгөн, алар төмөнкү жыйынтыктарды көрсөткөн:
- КР мыйзамдары жеке субъекттерге инвестицияларды тартуу укугун бергендиктен, жарандардын жеке жана карызга алган каражаттарынын эсебинен беш жеке спирт заводу курулуп жана иштетилип келген.
- Бул сегментти мамлекет тарабынан монополизациялоо практикасы (республика мындан 2010-жылы баш тарткан) ишкерлердин көпчүлүк бөлүгүнүн абалын начарлаткан – алардын укуктары жана кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, бюджеттин киреше бөлүгү толукталган эмес.
- Жарлыктын күчүнө кириши инвестициялык климатка да, заводдордун ишине да терс таасирин тийгизет, алардын банкрот болушуна же өндүрүштүн жабылышына алып келет.
«КР Конституциясынын 17-беренесинде мамлекет мыйзамдарда белгиленген тартипте инвестицияларды жана инвесторлорду коргоого кепилдик берет деп айтылган. Мындан тышкары этил спиртин өндүрүүнү монополиялаштыруу сөзсүз түрдө коррупциялык элементтерге, сапатсыз продукцияны чыгарууга алып келет», – деп айтылат кайрылууда.