Кыргызстан Казакстанга сугат үчүн Чүй жана Талас дарыяларынан 330 млн кубометр суу коё берет
Казакстан быйыл Кыргызстандан Чүй жана Талас транс чек аралык дарыялары аркылуу 330 млн метр куб суу алат. Бул тууралуу Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев Чолпон-Атада Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда билдирди, деп маалымдайт 24.kg.
Казак министринин айтымында, Кыргызстандан агып келген сууну дыйкандар сугат иштерине пайдаланат.
Брекешев Казакстанга суу товар алмашуу боюнча келишимге ылайык берилерин, ага ылайык Кыргызстандын Токтогул ГЭСи жайкысын сууну коё берип, кышында электр энергиясы менен кайтарып аларын түшүндүрдү.
Ал ошондой эле Казакстан коңшу өлкөлөрдөн келген суунун агымын көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатканын билдирди. Бул үчүн Тажикстанга гуманитардык жардам берип, анын ордуна Бахри-Точик суу сактагычынан 84 млн кубометр суу алуу боюнча келишим түзүлгөн.
Эскерте кетсек, 18-июлда курамына Токтогул ГЭСи кирген «Электр станциялары» ААКсы Кыргызстандын энергетика системасы кышында аталган өлкөлөрдөн алынган электр энергиясына жооп катары учурда Казакстан менен Өзбекстанга электр энергиясын берип жатканын билдирген.
Токтогул ГЭСинен же Чүй, Талас дарыялары аркылуу суу коё берилип жатканы тууралуу компания эч нерсе билдирген эмес.
Маалым болгондой, өткөн күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде Өзбекстандын энергетика системасы Кыргызстанга 501.4 млн кВт/саат, Казакстандын энергетика системасы 440 млн кВт/саат электр энергиясын берген.