Кыргызстанда лицензиясыз акча алмаштыруу көбөйдү
Кыргызстанда Улуттук банктан алган лицензиясы жок, ошондой эле атайын жабдылган пункттардан тышкары чет өлкө валютасын алмаштыргандар көбөйдү. Бул тууралуу регулятордун билдирүүсүндө айтылган.
Улуттук банк лицензиясыз валюта алмаштыруу мыйзамсыз экенин эске салып, мындай операциялар үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.
КР Улуттук банкынан лицензиясы жок адамдардын чет өлкө валютасын алмаштыруусу көмүскө экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартып, өлкөгө зыян келтирет. Мындан тышкары, жеке адамдар тарабынан жабдылбаган пункттарда алмашуу операцияларын жүргүзүү тоноо же алдамчылык сыяктуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Улуттук банктын пикири боюнча, валютаны Улуттук банктын лицензиясы бар банктарда, микрофинансылык уюмдарда жана алмашуу бюролорунда алмаштырган оң. Анткени коюлган талаптардан улам алар коопсузураак болуп эсептелет.