Теңиз Бөлтүрүк: «Чоң-Кемин» кичи ГЭСинин долбоорунун алкагында адистерибиз Канадада жана Россияда окуп келишет
“Чоң-Кемин” кичи ГЭСинин долбоорун иштеп чыгуунун алкагында Кыргызстандын адистери Канада жана Россияда тажрыйба алышат. Бул тууралуу “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк билдирди.
Эске сала кетсек, 14-июлда “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдинги россиялык «ИГХолдинг Рус» ААКсы, кыргызстандык “Инкрафт” ЖАКсы жана канадалык i-Energy Power Expert Consulting Inc. компанияларынан турган консорциум менен “Чоң-Кемин” кичи ГЭСин долбоорлоо боюнча келишимге кол койгон.
Теңиз Бөлтүрүктүн айтымында, “Чоң-Кемин” кичи ГЭСинин долбоору Кыргызстан үчүн гидроэнергетика тармагындагы башка долбоорлорго жол ачат, анткени консорциум компаниялары эл аралык өнүктүрүү жана долбоорлоо ыкмалары боюнча кыргызстандык адистерди окутууну негизги максаттардын бири катары карайт.
«Жергиликтүү адистерибизди өстүрүү жана окутуу үчүн ар бир келишимге окутуу, тренинг, практика сыяктуу пункттарды киргиздик. Биздин жаштардан тандап алып, Москва (Россия) жана Квебек (Канада) шаарларына жөнөтүүнү пландап жатабыз, алар чет өлкөдөн тажрыйба алып, андан да мыкты адис болуп кайтышат. Ошентип, алардын жардамы менен өзүбүздүн долбоорлоо жана инженердик компаниябызды ачууну пландап жатабыз», – деди Бөлтүрүк.
Белгилей кетсек, ГЭСти ишке киргизүү 2025-жылдын экинчи кварталына белгиленген. Станциянын жалпы кубаттуулугу 14-16 МВт болушу керек.