«Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин 2022-жылга карата бюджети 265 млн долларды түзөт
“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингинин 2022-жылга карата бюджети 265 млн долларды түзөт, деп билдирди финансы министри Алмаз Бакетаев Economist.kg-ге берген маегинде.
Алмаз Бакетаев менен болгон маекти толугу менен бул жерден окуңуз: Кыргызстандын тышкы карызы, маяна, салык маселеси — Финансы министри менен кенен маек
«Холдинг быйылкы жылдын бюджетин көрсөтүп, жактаган. Бул болжол менен 265 млн долларды түзөт. Бюджет 18 пункттан турат жана секторлорго бөлүнгөн: жаңы кендерди иштетүү, иштеп жаткан кендерди өнүктүрүү, социалдык блок, медициналык камсыздоо жана башка көп нерселер», – деди министр.
Ал кошумчалагандай, бул долбоорлордун өнүгүшү үчүн энергия менен камсыздоо жана ГЭС куруу зарыл, бул үчүн ири инвестиция керек. Бакетаевдин айтымында, бюджет долбоорунун 160 млн доллары алдын ала макул табылган.
Министр ошондой эле өткөн жыл ичинде “Кумтөрдөн” 13.8 млрд сомго жакын киреше түшсө, быйыл 5 айда эле 17.3 млрд сом түшкөнүн белгиледи.