Финансы министри кандай айлык аларын айтты

Финансы министри кандай айлык аларын айтты

Финансы министри Алмаз Бакетаев Economist.kg-ге айлык маянасы тууралуу айтып берди.

Министрдин айтымында, анын айлыгы 42 миң сомду түзөт. Ал төлөмдөр жана жөлөкпулдар системасы жөнгө келтирилгенин айтты, болбосо мурда ким канча алат экени белгисиз болчу.

Эмгек акы фонду кепилденген бөлүктөн, башкача айтканда, эмгек акыдан, компенсациялык жана кызыктыруучу бөлүктөн турушу керек. Бул бөлүктөрдүн катышы 60-70% жана 40-30% болушу керек, деп түшүндүрдү Бакетаев.

«Мугалимдер бул системага биринчилерден болуп кирген. Башкача айтканда, алар иштеген сааттары, тажрыйбасы жана жетишкендиктери үчүн айлык алышат. Бүгүнкү күндө орточо стажы бар мугалим 33-35 миң сом алат. Мен, финансы министри, алардан бир аз көбүрөөк – 42 миң сом алам», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Финансы министрлиги 5 жылдык системалуу өнүгүүнүн натыйжаларын жарыялады

Финансы министрлиги 5 жылдык системалуу өнүгүүнүн натыйжаларын жарыялады

2021–2025-жылдар КРда инфратүзүмдү жана экономиканы системалуу чыңдоо мезгили болду: жалпы 173 596,1 млн сом өздөштүрүлүп, транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектор боюнча стратегиялык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылды. Мындай билдирүүнү КРнын Финансы министрлигинен маалымдап, бул инвестициялар туруктуу өсүш үчүн бекем негиз түзүп, өлкөнүн бардык аймактарында

Балыкчы токой чарбасы тамчылатып сугарууга өтүүгө 39 млн сом жумшайт

Балыкчы токой чарбасы тамчылатып сугарууга өтүүгө 39 млн сом жумшайт

Балыкчы токой чарбасы жалпы суммасы 39 млн сомду түзгөн тамчылатып сугаруу системаларын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Мекеме Ысык-Көл облусунда материалдарды жеткирүү жана курулуш иштерин аткара турган жеткирүүчүнү издеп жатат. Улуттук валютадагы арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 24-февралында аяктайт. Компаниялардын сунуштары тапшырылган күндөн тартып 30 күн бою жарактуу болушу

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөт

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөт

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөрүн Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча эс алуучуларга ылайыкталган 18 Rest Рoint жана 5 туристтик-маалыматтык борбор бар. Ал белгилегендей, туристтик-маалыматтык борборлордун бешөө Ысык-Көл облусунда иштеп жатат. Эми дагы башка облустарда үч

Электр керектөөчүлөрдүн 9,9%ы төлөмдү почта, касса аркылуу жүргүзөт

Электр керектөөчүлөрдүн 9,9%ы төлөмдү почта, касса аркылуу жүргүзөт

Энергетика министрлигинин колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, керектөөчүлөрдүн 9,9%ы электр энергиясы үчүн төлөмдү мурдагыдай эле почта жана касса аркылуу жүргүзүшөт. Кыргызстана Улуттук электр тармактары маалымдагандай, абоненттердин көпчүлүгү мобилдик тиркемелерге жана онлайн-сервистерге өткөн. Бир нече жыл мурда абал башкача болчу: накталай жана кассалык төлөмдөр 60–70%ды түзсө,