Кыргызстан менен Тажикстан суу маселесин кайрадан чече башташат
Кыргызстан менен Тажикстан суу ресурстарын пайдалануу маселелери боюнча ведомстволор аралык кыргыз-тажик жумушчу тобунун ишин кайра баштоону макулдашты.
Эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кечээ, 21-июлда, Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусунан кийин өткөн жеке жолугушууда мындай макулдашууга келишти.
Биринчи кезекте Кыргызстан менен Тажикстандын башчылары чек ара көйгөйүн талкуулашты, деп билдирди президенттик аппарат. Бул маселе боюнча делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү чечими кабыл алынды.
Экинчи маанилүү тема катары чек ара аймактарындагы транс чек аралык дарыялардын суу ресурстарын пайдалануу маселеси каралды.
Мамлекет башчылары транс чек аралык дарыялардын суу ресурстарын эки тарапка тең пайдалуу колдонуунун маанилүүлүгүн белгилешип, суу ресурстарын пайдаланууга байланышкан маселелерди кароо боюнча кыргыз-тажик ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин кайра улантуу чечимине келишти, деп билдирди президенттик аппарат.