Оңдоо иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы тоннелде кыймыл чектелет - график
22-июлдан 27-июлга чейин Бишкек-Ош жолундагы Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы билдирди.
Күз-кыш мезгилине карата оңдоо жана калыбына келтирүү даярдык иштери жүргүзүлөрү айтылды.
22-июлда өтмөк бул убактарда жабылат:
- 4:00дөн 6:00гө чейин
- 10:00дөн 12:00гө чейин
- 14:00дөн 16:00гө чейин
- 23-27-июлда өтмөк бул убактарда жабылат:
- 23:00дөн 1:00гө чейин
- 2:00дөн 04:00гө чейин
Калган убакта өтмөк толугу менен ачык болот. Ведомство айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү мындай аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнөт.