Сом рублга карата 14%га арзандады - бул Россиядан импорттун көлөмүн азайтып, инфляцияны күчөтүшү мүмкүн
Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) талдоочулары “Макроэкономикалык обзорунун” кезектеги санын чыгарып, анда рублдин бекемделишинин кесепеттери жөнүндө айтышты.
Алардын айтымында, орус рублинин долларга карата бекемделиши жаңы көрүнүштү пайда кылган. Бул региондогу мамлекеттердин улуттук валюталарынын рублга карата арзандоосуна алып келген. Мисалы, жыл башынан бери теңге рублга карата 30%дан ашык алсыраган, алсыроонун олуттуу бөлүгү июнь айына туш келген.
«Ушундай динамика Кыргызстанда да байкалууда, июнь айынын башынан бери сомдун курсу 79.5 доллардын тегерегинде болуп, ал эми орус рублине карата 14%га арзандады», – дейт ЕӨБ башкы экономисти Евгений Винокуров.
Рублга карата алсыроо Россиядан товарлардын импортунун көлөмүнүн азайышына алып келиши мүмкүн жана кошумча инфляциялык фактор болуп калышы мүмкүн.
«Экинчи жагынан, бул өлкөлөрдөн Россияга жеткирилген товарлар баа жагынан жакшы атаандаштык кылып, өнөр жай жана айыл чарба экспорттоочуларына колдоо көрсөтөт. Бул айрыкча Белоруссияга тиешелүү. Ал эми Кыргызстан менен Арменияны алсак, эмгек мигранттары улуттук валютада көбүрөөк акча которуп, бул керектөө суроо-талабын колдоого жардам берет», – деп кошумчалады эксперт.