Жети жыл ичинде дыйкан жана малчыларга 51 млрд сом жеңилдетилген кредиттер берилди
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорлору ишке ашырыла баштагандан бери 120 миң чарба субъектисине жалпысынан 51 млрд сом кредит берилген. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Каражат төмөнкү тармактарга бөлүнгөнү айтылган:
- мал чарбасы – 95.7 миң субъект. Насыянын суммасы – 32.9 млрд сом, бул жалпы сумманын 65%ын түзөт
- дыйканчылык – 22 миң субъект. Насыянын суммасы – 7.7 млрд сом, бул жалпы сумманын 14%ын түзөт
- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү – 2.3 миң субъект. Насыянын суммасы 10.3 млрд сомду түзүп, жалпы сумманын 21% түзөт.
Финансы министрлиги коммерциялык банктардын жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча чыгымдарын пайыздык чендерди субсидиялоо жолу менен жабат. «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорлору ишке ашырыла баштаган 2013-жылдан бери эсептелген субсидиялардан коммерциялык банктарга иш жүзүндө 5.9 млрд сом которулган.