Чет өлкөгө алтынды сатуу азайгандыктан, КРнын экспорту 14%га төмөндөдү
Кыргызстанда импорт январь-апрель айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 65.8%га өстү. Экспорт тескерисинче, 14.3%га кыскарган. Мындай маалыматтар Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) макро-баяндамасында айтылат.
Маалым болгондой, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү өткөн жылга салыштырмалуу 43.3%га өскөн. Бул импорттун өсүшү менен шартталган. Бул республикада экономикалык активдүүлүктүн жанданышы, ошондой эле дүйнөлүк баанын өсүшү менен түшүндүрүлөт.
Экспорттун азайышы, эксперттердин баамында, көбүнчө алтындын чет өлкөлөргө ташуунун азайышына байланыштуу болгон.
Тышкы сооданын кеңейиши башка нерселер менен катар эле ЕАЭБ рыногу менен байланыштуу. ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт 26.4%га, ал эми алардан импорт 13.3%га өскөн.
2022-жылдын январь-май айларында КРнын тышкы соода жүгүртүүсү 3.9 млн долларды түзгөн жана 2021-жылдын ушул эле айларына салыштырмалуу (импорттун эсебинен) 45%га өскөн.