УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кеткени маалым болду

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кеткени маалым болду

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кеткенин бүгүн “Регион” телеканалынын башчысы, Камчыбек Ташиевге жакын журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жазып, видео жарыялады. 

Буга улай ал экс-төрага эмне себептен чыкканын тастыктаган эмес.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан бошоткон.  Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды.

Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 13-февралда Бишкекке кайтып келген. Анын тарапташтары акыркы саясий окуялар тууралуу Камчыбек Ташиев Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрөрүн билдиришкен.

Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берип, Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, УКМКнын мурдагы төрагасы мамлекеттик кызмаитка барбай турганын айткан.

Акыркы саясий жүрүштөрдүн фонунда Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырып, анын ордуна Марлен Маматалиев шайланды. Кечээ бир катар министрлер да алмашты.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media