«Кумтөр» кыргыз тарапка толук өтөрүнө аз калды - министрлер кабинети
Министрлер кабинети Centerra Gold Inc. акционерлеринин кечээ, 25-июлда «Кумтөр» долбоору боюнча Кыргызстан менен келишим түзүү резолюциясын көпчүлүк добуш менен жактырганын колдоого алаарын билдирди.
“Макулдашууну аткаруу алгоритмине ылайык, Кумтөрдү кыргыз тараптын толук контролуна өткөрүп берүүнү тариздөө жол-жобосун аяктоо боюнча бир нече техникалык жол-жоболор калды”, – деп айтылат минкабдын билдирүүсүндө.
Түзүлгөн макулдашуу төмөнкүдөй пункттарды камтыйт:
- Кумтөр кени толугу менен кыргыз тараптын контролуна өтөт. Ошол эле учурда кыргыз тарап 2021-жылдын 15-майынан тартып алынган бардык пайданы өзүндө калтырат
- Centerra Gold Inc. 11 млн АКШ долларына жакын өлчөмдөгү дивиденддерди төлөп берет
- Centerra Gold Inc тарабынан кыргыз тарапка 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылган
- КРга 53 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү Кумтөр кени боюнча рекультивациялоо фондун башкаруу да өткөрүлүп берилет.
- Centerra Gold Inc. 2021-жылдын май айында жеткирилген алтындын партиясы үчүн 29 млн АКШ долларын төлөтүү жөнүндө талаптан баш тартат жана кыргыз тарапка каршы АКШда, Швецияда жана Канадада демилгеленген бардык сот процесстерин токтотот.
Бирок билдирүүдө Кыргызстанга таандык «Центерра Голддун» 26.1% акциясын канадалык компанияга өткөрүп берүү тууралуу маалымат айтылган эмес.
Эскерте кетсек, «Кумтөр» алтын кенине 2021-жылы 17-майда тышкы башкаруу киргизилген. Ал эми үстүбүздөгү жылы 4-апрелде, министрлер кабинети менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлганы жана кен толугу менен Кыргызстанга өткөнү жарыяланган.