Кара-Балтадагы эски оюнчук заводунун базасында текстиль фабрикасы ачылат - 800 жумуш орун менен камсыздайт
Кара-Балта шаарындагы электр техникалык оюнчук заводунун жана килем комбинатынын өндүрүш ишканаларынын базасында инвесторлор тигүү жана текстиль фабрикасын ачууну көздөп жатат.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кара-Балта шаарына болгон иш сапарында белгилүү болгонун минкабдын маалымат кызматы кабарлады.
«Кезинде Кара-Балта шаары өлкөнүн өнөр жай борборлорунун бири болгон. Инвестордун аракети менен учурда электр техникалык оюнчуктар фабрикасынын базасында 800 жергиликтүү тургунду иш менен камсыздоочу заманбап тигүү өндүрүшүн түзүү пландалууда», – деди ал.
Объектке болгон сапардын жыйынтыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна жана Кара-Балта шаарынын мэриясына бош турган өндүрүштүк кубаттуулуктарды максималдуу пайдалануу жана өндүрүштү тезирээк ишке киргизүү максатында инвестор тарабынан коюлган маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.
Белгилей кетсек, тигүү жана текстиль фабрикаларын куруу долбоору «Декна Бишкек Текстиль» компаниясы тарабынан ишке ашырылып жатат, инвестициянын көлөмү болжол менен 25 млн долларды түзөт.
Жаңы өндүрүш таштандылардын төмөнкү көрсөткүчү менен кластердик принцип боюнча аларды жиптерге жана кездемелер үчүн материалдарга кайра иштетүү иретинде иш алып бармакчы.











