КРнын ишканалары акыркы 5 жылда рентабелдүүлүктүн эң жогорку деңгээлине жетишишти - дээрлик 100 млрд сом киреше алышкан
Акыркы беш жылда Кыргызстандын экономикасынын реалдуу секторундагы ишканалар 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өзүнүн эң жогорку рентабелдүүлүгүн көрсөтүштү. Алар дээрлик 100 млрд сом киреше алышкан. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Талдоо боюнча 2021-жылы экономиканын реалдуу секторунда 22 миңге жакын ишкана жана уюм иштеген. Жылдын аягында алар 94 млрд сом суммасында финансылык натыйжага жетишип, бул өткөн жылдын көлөмүнөн дээрлик 9 эсеге көп болгон.
2021-жылы экономиканын реалдуу секторунун ишканалары тарабынан алынган пайданын олуттуу көлөмү акыркы беш жылда кирешенин жогорку өсүшүнө алып келип, дээрлик 15%га жеткен. Алсак, республиканын ишканалары алынган дүң кирешенин 1 сомунан орто эсеп менен 15 тыйындан пайда алышкан.
2021-жылы сатуунун рентабелдүүлүгүнүн эң жогорку деңгээлине (20%дан ашык) финансылык ортомчулук, соода, балык чарбасы, маалымат жана байланыш, транспорт иштери жана товарларды сактоо уюмдары, металл эмес пайдалуу кендерди өндүрүү боюнча ишканалар, ошондой эле кыймылсыз мүлк операциялары, кесиптик илимий жана техникалык иш менен алектенген мекемелер жетишкен.
Муну менен катар тескери рентабелдүүлүккө (чыгашанын) мунай продуктыларын өндүрүүчү (-29%), химиялык өнөр жай (-26%) жана электр энергиясын өндүрүү (өндүрүү), аны берүү жана бөлүштүрүү (-24%) ишканалары дуушар болушкан.