Кыргызстанда сунушталган айлык акы 3%га төмөндөдү
Кыргызстанда 2022-жылдын экинчи кварталында сунушталган айлык маяна өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3%га төмөндөдү. Мындай көрсөткүчтү HeadHunter (headhunter.kg) сайтта жайгаштырылган иш берүүчүлөрдөн келген вакансияларга жүргүзүлгөн анализинин негизинде билдирди.
Жумуш издеп жүргөн кыргызстандыктар 2022-жылы орточо эмгек акы 34.6 миң сомду түзөт деп күтүшүүдө. Бирок ошол эле учурда орточо сунушталган эмгек акы 10%га аз жана 31 миң сомду гана түзүүдө.
HeadHunter жогору маяна карап, жумуш издегендер төмөнкү кесиптик багыттарга көңүл бурушу керек дейт:
- Эң жакшы вариант болуп консультациялык кызматтар саналууда. Мисалы, риэлторлор, маалымат талдоочулар, брокерлер, жана башка ушул сыяктуу бул сферада алектенгендердин орточо эмгек акысы – 70 миң сомду түзөт
- Ошондой эле чийки затты казып алуу чөйрөсүндөгү геодезист, инженер, геологдордун орточо айлыгы 60 миң сомдон жогору болууда.
- IT тармагында жаңы иштеп баштаган адистер 35 миң сомдон ала баштаса, тажрыйбалуулардын маянасы 140 миң сомдун тегерегин түзөт.
“Кадрларды сактап калуу үчүн компаниялар эмгек акыны индексациялоого, сунуштар рыногуна мониторинг жүргүзүүгө, ички корпоративдик маданият жана башкарууга көңүл бурушу керек”, – дейт аталган портал.
Эскерте кетсек, Улутстатком 2022-жылдын январь-апрель айларында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 22 084 сомду түзгөнүн билдирген болчу.