«Кыргызстандарт» компанияларга сынак жарыялайт - баш байге 3500$
Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (“Кыргызстандарт”) Продукция жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктери үчүн КМШнын сыйлыгына 2023-жылга карата компанияларга сынак жарыяланганын маалымдады.
Сынак КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин 2012-жылдын май айындагы Чечими менен бекитилген. Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты чөйрөсүндөгү жетишкендиктери үчүн бул сынак эки жылда бир жолу өткөрүлөт.
Төмөнкүлөрдү сунуштаган продукцияларды чыгарган жана (же) кызматтарды көрсөткөн уюмдар КМШ сыйлыгына талапкер боло алышат:
- КРнын Сапат сыйлыгына сынактын биринчи (улуттук) этабында финалга чыгуу
- конкурска чейинки эки жылдан кем эмес мезгил ичинде продукциянын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү сапаты алар тарабынан ырасталганда
- продукцияны жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү КМШга мүчө бир же андан көп мамлекетке экспорттогондо.
Сыйлык төмөнкү сандагы кызматкерлери бар уюмдарга берилет:
- 250 адамга чейин
- 250дөн 1500 адамга чейин
- 1500 кишиден жана андан көп
Сынакка кайсы тармактагылар катышса болот?
- өнөр жайлык багыттагы продукцияларды өндүрүүчүлөр
- эл керектөөчү товарларды өндүрүүчүлөр
- азык-түлүк жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр
- кызмат көрсөтүү менен алектенген ишканалар.
Сынактын жеңүүчүлөрүн тандоо эки этапта жүргүзүлөт:
- Кыргызстандарт тарабынан сынактын катышуучуларын баалоонун жыйынтыгы боюнча.
2. Берилген материалдарга экспертиза жүргүзүү жана баллды колдонуу менен жеринде баа берүү аркылуу. МАК сынагынын экинчи этабында иштерди аткаруу үчүн башка мамлекеттин эки экспертинен турган (кайчылаш) эксперттик комиссиялардын курамы алардын географиялык жайгашуусун эске алуу менен бекитилет.
Сынактын лауреаттары жана дипломанттары Сыйлыктын дипломдору жана сыйлыктары менен сыйланышат, ошондой эле продукцияны маркировкалоодо жана алардын таңгагында, жарнамалык максаттарда жана документтерде үч жыл бою Сыйлыктын логотипинин сүрөтүн колдонуу укугу берилет.
КМШ сыйлыгына сынакка катышуу үчүн арыздар жана материалдар 2022-жылдын 1-октябрына чейин комиссиянын катчылыгына – “Кыргызстандартка” берилет.
Байгелер төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
- 250 кызматкерге чейин иштеген уюмдар – 1500 доллар
- 250дөн 1000ге чейин кызматкерлери бар уюмдар – 2200 доллар
- 1000ден 3000ге чейин кызматкерлери бар уюмдар – 2800 доллар
- 3000ден 5000ге чейин кызматкерлери бар уюмдар – 3000 доллар
- 5000ден ашык кызматкерлери бар уюмдар – 3500 доллар
Көбүрөөк маалыматты бул веб-сайттан же “Кыргызстандарттын” сайтынан табууга болот.
