Turkish Airlines бекер экскурсияларын сунуштайт - эл аралык учууда жүргүнчү Стамбулда 6 сааттан ашык туруп калса, бекер «кыдыртып» келет
“Түрк аба жолдору” (Turkish Airlines) акысыз экскурсияларын кайра баштады. Эгерде аталган авиакомпаниянын эл аралык транзиттик жүргүнчүсү Стамбулда башка рейсти 6 сааттан 24 саатка чейин күтүп калса, анда ал аэропорттон эле Touristanbul экскурсиясына жазылса болот. Бул тууралуу Aviasales.kg маалымдады.
Экскурсиянын программасы жүргүнчүнүн учуу саатынан жана анын канча убактысы бар экендигине жараша уюштурулат. Ошондой эле жергиликтүү ашканалардан тамактанса да болот.
“Сиз Стамбулдун “Аясофия”, “Долмабахче”, “Топкапы” сарайын, “Көк мечит” жана башка көптөгөн белгилүү кооз жерлерин көрө аласыз. Босфордун кооз көрүнүшү менен даамдуу түрк тамактары сизди биринчи класстагы ресторанда күтөт. Стамбулда улуу эстеликтерди жана кооз жерлерди көрүү үчүн атайын программа түздүк”, – деп айтылат авиакомпаниянын сайтында.
Кандай программа болбосун, автобус жүргүнчүнү аэропорттон тосуп алып, туристтик жерлерге жеткирет жана кайра алып келип коет. Эгерде жүргүнчү эконом класста 12 саат же бизнес класста – 9 саат “күтүү” менен учуп жатса жана эч кандай экскурсияга баргысы келбесе, мейманканада бекер жайгаштыруу кызматынан пайдаланса болот.