Көмүр 1-августтан баштап сатыла баштайт
1-августтан баштап бардык мамлекеттик отун сатуу пунктарында калкка көмүр сатыла баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйынында журналисттерге Энергетика министри Доскул Бекмурзаев айтканын 24.kg билдирди.
Анын айтымында, мамлекет көмүрдү үзгүлтүксүз ташууга аракет кылат, көмүргө байланыштуу эч кандай маселе болбойт жана күз-кыш мезгилинде көйгөй жаралбайт.
«Өзүбүздү өзүбүз көмүр менен камсыз кылышыбыз керек. Республиканын ичинде көмүргө муктаж болуп турганда түштүктөгү жеке ишканаларыбыз эмне үчүн Польшага көмүр ташыйт? Ошондуктан биз алгач өзүбүздү көмүр менен камсыздап, андан соң экспорт маселесин карайбыз», – деди ал.
Ошол эле учурда Бекмурзаев көмүрдү экспорттоого тыюу салынбай тургандыгын, бийлик жөн гана сатуу процессин жөнгө сала тургандыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, бул жылы 1.5 млн тонна көмүр казып алуу пландалып жатат жана Кыргызстан быйыл көмүрдү импорттоодон баш тартып, «Кара-Кечеге» артыкчылык берет.
2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө – 554 миң тонна, ал эми 2021-жылы 1 млн 225 миң тонна көмүр казылып алынган.