Кумшекердин баасы 1 сомго арзандайт - 78 сом/кг

Монополияга каршы орган кечээ, 4-августта “Кайыңды Кант” ААК жана “Кошой” ААК менен кумшекердин баасын төмөндөтүү тууралуу келишим түздү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Анын натыйжасында, керектөөчүлөр үчүн кумшекердин жеңилдетилген баасы кг үчүн 1 сомго төмөндөйт жана 78 сом/кг түзөт.

Эскерте кетсек, кант өндүрүүчүлөр ири соода тармактары жана кичинекей дүкөндөр менен кумшекерди калк үчүн жеңилдетилген баада сатуу жөнүндө келишим түзүшкөн (79 сом/кг, күнүнө бир колуна 1 кг чектөө менен). Көрсөтүлгөн көлөмдөн жогору кум шекер чектөөсүз 85 сом/кг сатылат.

Монополияга каршы орган буга чейин 1-августтан баштап бааны төмөндөтүү жана “Глобус”, “Народный”, “Фрунзе” соода түйүндөрүндө кумшекерди 84 сом/кг чейин сатуу жөнүндө макулдашууга жетишилгенин билдирди.

«Белгилей кетсек, республикага негизинен Индиядан чыгарылган кумшекер алынып келинген, ал эми «Кайыңды Кант» ААК жана «Кошой» ААК заводдору Бразилиядан алынып келинген чийки кум шекерден өндүрүшөт. Логистикадан улам, бүгүнкү базарларда сатылып жаткан кумшекердин баасы ата мекендик кант кызылчасынын кум шекерине караганда жогору», — деп билдиришти агенттиктен.

Эскерте кетсек, рынокту кумшекер менен каныктыруу жана ага болгон бааны кармап туруу үчүн бир катар чаралар көрүлгөн:

  • кошумча нарк салыгынын коюму (КНС) нөлгө түшүрүлгөн
  • 105 миң тонна кумшекерди жана чийки кантты ишкерлер
    алымдарды төлөбөстөн алып келишет
  • кумшекерди башка өлкөлөрдүн ишкерлери сатып албашы үчүн кантты республикадан тышкары ташып кетүүгө убактылуу тыюу салынган
  • базарларда, соода түйүндөрүндө кумшекердин баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.
Кумшекердин баасы башка өлкөлөрдө

(1 кг үчүн сом менен эсептегенде)

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун