Микрокредит алуучулардын саны 9.5%га азайып, 298 миң адамды түздү
2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар 17.4 млрд сомго насыя беришкен. Алуучулардын саны 298 миңге жакын адамды түзгөн. Мындай маалыматты Улутстатком билдирген.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу микрокредит алган калктын саны 9.5%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 1.7%га азайган.
Кошумчалай кетсек, микрокредиттердин эң көп көлөмү Бишкекте (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 18.5%ы), Ош облусунда (18%), Чүй облусунда (16%) жана Жалал-Абад облусунда (14%дан ашык) берилгендиги белгиленген.
Берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 42%ы керектөө муктаждыктарына (өткөн жылга салыштырмалуу 9.8%га көбүрөөк), 28%ы айыл чарбасын өнүктүрүүгө (4.9%га азайган), 12%ы – соода жана коомдук тамактануу тармагына, 6%дан ашыгы — курулушка алынган.

