Бишкекте мыйзамсыз иштеген реабилитациялык борборлор жабылды

Бишкекте мыйзамсыз иштеген реабилитациялык борборлор жабылды

Бишкекте мыйзамсыз иштеген "Хидальго", "Решение" жана "Бишкек-Маяк" реабилитациялык борборлорунун иши токтотулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Текшерүүдө борборлордун кызматкерлери бейтаптарды электрошокер менен кыйнап, байлап, обочолоп, физикалык жана психологиялык басым көрсөтүп келишкени аныкталды. Ошондой эле бейтаптарга колдонууга тыюу салынган күчтүү психотроптук препараттар табылды.

Соттун чечими менен борборлордун директорлору жана кызматкерлеринин ичинен 7 адам кармалып, камакка алынды. Мындан тышкары, "Бишкек-Маяк" борборунда дарыланып жаткан эки бейтаптын өлүмү катталган.

Азыркы учурда айрым кызматтар тарабынан өлүмдүн бардык жагдайлары иликтенип, зарыл юридикалык чаралар көрүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”

Саясий чөйрөдө аялдардын өкүлчүлүгү 40%га жетти

Саясий чөйрөдө аялдардын өкүлчүлүгү 40%га жетти

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун "Аялдардын лидерлиги" темасындагы Аялдар форуму өз ишин баштады. Иш-чара Кыргызстандын 2026-жылдагы ШКУга төрагалыгынын алкагында 26–27-июнда "Эне-Сай" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, форумга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдар,