Казакстандын чек арага жакын аймактарында дизель майы кымбатыраак сатыла баштады

Казакстандын чек арага жакын аймактарында дизель майы кымбатыраак сатыла баштады

Казакстандын башка мамлекеттер менен чектеш аймактарында кечээтен бери, 22-августтан тартып, дизелдик отунга дифференцияланган баалар киргизилди. Эми башка мамлекеттердин, анын ичинде биздин жарандар Казакстанда дизель майын кымбатыраак баада сатып алышат. Бул тууралуу казакстандык Vlast.kz басылмасы билдирди.

22-августта мунай продуктуларынын чекене сатыктагы бааларын белгилөө боюнча Казакстандын Энергетика министрлигинин буйругу күчүнө кирди, деп билдирет басылма.

Ал буйрукка ылайык, төмөнкү маркалардагы бензиндин баасы мурдагы деңгээлде калды: АИ-80 – литрине 89 теңге (рыноктук курс боюнча 9.8 сом), Костанай жана Түндүк Казакстан облустарында, АИ-92 жана АИ-93 маркалары – литрине 187 теңге (20.6 сом), Казакстандын башка аймактарында – 182 теңге (20 сом), дизель майынын баасы – литрине 450 теңге (рыноктук курс боюнча 49.5 сом, ал эми УБ курсу боюнча – 76.5 сом).

Ошондой эле буйрук дизелдик отунга чектөө койгондугу тууралуу айтылды. Тактап айтканда, Казакстандын жарандары айдоочулук күбөлүгүн көрсөтүп, күнүнө 100 литрди регионго жараша литрин 230-260 теңгеден (25-29 сом) сатып алса болот. Жүк ташуучу унаалар, атайын, адистештирилген унаалар жана автобустар үчүн, ошондой эле Казакстанда автотранспорттун каттоо күбөлүгү барлар, суткасына ушул эле баада 300 литрге чейин куя алышат. Калган категориядагыларга, ошондой эле дизель майын белгиленген лимиттен жогору сатып алгандарга 1 литри 450 теңгеден (49.5 сом) сатылат.

Эске сала кетсек, буга чейин Казакстандын энергетика министри дизелдик майга дифференцияланган баалар жана чектөөлөр киргизилерин айткан эле.

Мындан тышкары окуңуз

Россиялыктардын банк операцияларына көзөмөл күчөдү

Россиялыктардын банк операцияларына көзөмөл күчөдү

Россияга достук мамиледеги өлкөлөрдүн банктары россиялыктардын эсептери боюнча текшерүүлөрдү күчөтүп, айрым операцияларды убактылуу токтото баштаганын "РБК" эл аралык бизнес боюнча юристтерге жана консультанттарга шилтеме берүү менен жазды. Маалыматка ылайык, Армения менен Сербия банктары Россиянын жарандарынын операцияларын катуураак текшере баштаган. Мындан тышкары, Тажикстан, Казакстан жана Омандын банктарында да комплаенс-текшерүүлөр

Ирак суу тартыштыгынан улам мунайды сууга алмашууга кызыкдар

Ирак суу тартыштыгынан улам мунайды сууга алмашууга кызыкдар

Эң ири суу кризисине туш болгон Ирак суу ресурстары тармагында Түркия менен кеңири кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти. Буга кургакчылык, климаттын өзгөрүшү, дарыялардын жогорку агымында курулган плотиналар жана инфраструктурадагы узакка созулган көйгөйлөрдүн фонунда Тигр жана Евфрат дарыяларынын кескин тайыздап кетиши себеп болду. Ирактын маалыматы боюнча, өлкөнүн суу ресурстарынын болжол менен 60%

Быйыл ИИМ органдарына жалпы 600дөн ашык кызматтык унаалар берилди

Быйыл ИИМ органдарына жалпы 600дөн ашык кызматтык унаалар берилди

2025-жылы Ички иштер министрлиги ички иштер органдарын заманбап техникалар менен камсыздоо багытында маанилүү кадам жасаганын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, өлкө боюнча быйыл ички иштер органдарына жалпы 600 ашык жаңы кызматтык автоунаа тапшырылып, милициянын материалдык-техникалык базасы мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде жаңыланды. Бул автоунаалар заманбап техникалык талаптарга толук жооп

Таттуу печеньеден "Үйдө жалгыз" тасмасындагы имарат жасалды

Таттуу печеньеден "Үйдө жалгыз" тасмасындагы имарат жасалды

"Үйдө жалгыз" тасмасындагы имарат формасында жасалган эң чоң камыр үй Гиннесстин рекорддор китебине киргизилди. Аны Голливудда (Лос-Анжелес) куруп чыгышкан. Долбоор Disney+ жана Hulu сервистери тарабынан тасманын 35 жылдыгына карата ишке ашырылган. Курулуштун көлөмү болжол менен 8 метр бийиктикте жана 20 метр узундукта. Үйдү курууга сегиз күн кетип, 4