ЕАЭБде салык чогултуу боюнча КР биринчи орунга чыкты - Жапаров
ЕАЭБде салык чогултуу боюнча КР биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, жети айдын жыйынтыгы менен өлкөнүн ИДПсы 7.7%га барабар болсо, айыл чарбасында 8.3%га өскөн. Ошондой эле ЕАЭБ түзүлгөндөн бери Кыргызстан акыркы орундардан алдыга жылган.
“Быйыл ЕАЭБде биринчи жолу салык чогултуу боюнча биринчи орунга чыктык жана ИДПнын өсүү темптери менен да алдыңкы катарга кошулдук”, – деди Жапаров.