Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Бишкектеги советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ишчара Бишкек шаарындагы Ата-Түрк атындагы сейил бакта интернационалист жоокерлердин мемориалында болду.

Министрликтин маалыматына ылайык, курман болгондорду эскерүүгө ардагерлер, жоокерлердин туугандары, коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо маселелери боюнча аскердик атташеси Игорь Довбня жана башкалар катышышты.

Коргоо министринин орун басары “Афган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңеши” коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнө ыраазычылык жарыялап, аларга өкмөт башчысынын резервдик фондунан каржылык колдоо көрсөтүү максатында 250 миң сом бөлүнгөнүн белгиледи.

Митинг “Жоокер-интернационалисттерге” арналган эстеликке гүлчамбар жана гүл коюу менен жыйынтыкталды.

Эске салсак, 1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлердин акыркы бөлүгү Афганистандан чыгарып алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт