Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан.

Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок курулуш иштери токтоп калгандыктан, алар бүгүнкү күнгө чейин батирлерин ала элек.

Министрлик буга чейин курулуш иштерин жандандыруу боюнча эскертүүлөрдү берип, милдеттүү көрсөтмөлөрдү чыгарган. Бирок үлүшчүлөрдүн каражаттарынын натыйжасыз пайдаланылышы жана каржылык кыйынчылыктарга байланыштуу курулуш иштери токтоп калган.

Министр белгилегендей, комплекстүү чаралардын алкагында "Дөөлөт курулуш" компаниясынын активдери мамлекетке өткөрүлүп берилет. Ал эми объектилердеги курулуш иштери этап-этабы менен кайра жандандырыла баштайт.
"Кудайберген" жана "Шопоков" турак жай комплекстерин эки жыл ичинде бүтүрүү пландалууда. Ошондой эле токтотулган курулуш иштерин бир айдын ичинде кайра башталат. Мындан тышкары, документтер жана келишимдер кайрадан каралып чыгат.

"Батирлердин баасы базар баасынан жогору болбойт. Үлүшчүлөрдүн каражаттары курулуш иштерин жүргүзүүгө гана жумшалат", — деди Нурдан Орунтаев.

Ар бир үлүшчү менен түзүлгөн келишим тиешелүү адистер тарабынан кайра каралат. Министрликтин маалыматы боюнча, каражаттарды пайдалануу министрликтин жоопкерчилиги алдында ишке ашырылат жана батирлер бекитилген график боюнча тапшырылат.

Эске салсак, Президенттин иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, үлүшчүлөр жалпы 1 млрд сомдон ашык каражат төлөшкөн. Ал эми компаниянын эсептеринде жарандардын 900 млн сомдон ашык каражаты болушу керек экени айтылган. Бул маселени териштирүү үчүн атайын жумушчу комиссия түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media