«Камбар-Ата-1» сыяктуу чоң долбоорлорду жасоо үчүн бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек - Акылбек Жапаров

«Камбар-Ата-1» сыяктуу чоң долбоорлорду жасоо үчүн бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек - Акылбек Жапаров

“Камбар-Ата-1” сыяктуу чоң долбоорлорду жасоо үчүн бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

“Камбар-Ата – 1” эң чоң долбоорун баштадык. Эгерде 2014-жылдагы долбоордун техникалык негиздемесинде 3 млрд доллар болсо, андан бери материалдардын баары кескин өсүп кетти, эксперттердин болжолу менен 5-6 млрд доллар керектелет.

Мындай чоң долбоорго акчаны чогултуу үчүн бир топ мыйзамдарга да өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Сиздер менен чогуу ушул суроо-талаптарды чечебиз деген үмүтүбүз бар”, – деди минкабдын башчысы депутаттарга.

Мындан тышкары, Жапаров жакын арада 15-16-сентябрда Самаркандда өтө турган ШКУнун кезектеги отурумунда Кытай, Кыргызстан, Өзбекстандын мамлекет башчылары “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулуш долбооруна кол коюлат деген ишеничин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайда ЖИ-компанияларынан рационалдуу атаандаштык талап кылынды

Кытайда ЖИ-компанияларынан рационалдуу атаандаштык талап кылынды

Кытай өкмөтү технологиялык компанияларга жана электрондук соода платформаларына агрессивдүү баа согуштарынан жана ашыкча субсидиялардан баш тартууну сунуштаганын чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты. Сөз рыноктогу ири оюнчулар тууралуу болууда, алардын катарында Alibaba Group (AliExpress платформасынын ээси жана Qwen аттуу ИИ-моделдин иштеп чыгуучусу), Baidu жана ыкчам соода кызматтары, анын ичинде Taobaoнун Flash

"Чакан ГЭС" ААКсы 120 кВт кубаттуулуктагы станцияларды орнотот

"Чакан ГЭС" ААКсы 120 кВт кубаттуулуктагы станцияларды орнотот

2026-жылы "Чакан ГЭС" ААКсы кубаттуулугу жогору электр кубаттоочу станцияларды орнотууга өтүүнү пландап жатканын компаниянын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Аалыайдар Слем уулу радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы компания кубаттуулугу 80 кВт болгон 10 даана тез кубаттоочу станция орноткон. Бул станциялар алыскы каттамдарга багытталып, айдоочулар жолдо баратканда унаасын

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Бишкектеги советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ишчара Бишкек шаарындагы Ата-Түрк атындагы сейил бакта интернационалист жоокерлердин мемориалында болду. Министрликтин маалыматына ылайык, курман болгондорду эскерүүгө ардагерлер, жоокерлердин туугандары, коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок