МИК уставдык капиталын 1.8 млрд сомго көбөйттү
Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) уставдык капиталын 1.8 млрд сомго көбөйттү. Мындай маалыматты Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.
Белгиленгендей, МИК 1.8 млрд сом өлчөмүндөгү жөнөкөй акциялардын он үчүнчү чыгарылышын жайгаштырды. Акцияны жайгаштыруу баасы 100 миң сомду түздү.
Эскерте кетсек, листингдик комитеттин 17-августтагы чечими менен МИК акциялары «В» категориясына киргизилген (жогоркудан кийинки).
2018-жылы “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсынын ипотекалык облигациялары КФБнын расмий тизмесине киргизилген. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча МИК сооданын көлөмү боюнча рынокто өзүнүн жогорку көрсөткүчтөрү менен айырмаланган — анын облигациялар соодасынын көлөмү 5.1 млрд сомду түзгөн.