Жарым жылда республикалык бюджеттин кирешеси 40.4 млрд сомго өстү

Жарым жылда республикалык бюджеттин кирешеси 40.4 млрд сомго өстү

2022-жылдын алты айында республикалык бюджеттин кирешеси 122 млрд сомду түздү. Бул тууралуу кечээ, 31-августта, Садыр Жапаров куттуктоо сөзүндө айта кеткенин президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, салык жана бажы төлөмдөрүнө көзөмөл күчөтүлүп, ошондон улам өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу бюджеттин киреше бөлүгү 49.5%га же 40.4 млрд сомго көбөйгөн.

Мамлекет башчысы жүргүзүлүп жаткан финансылык-экономикалык саясаттын негизинде быйыл мамлекеттик кызматкерлердин жана бюджеттик сектордун кызматкерлеринин, анын ичинде саламаттыкты сактоо, билим берүү, калкты социалдык жактан коргоо тармагында иштегендердин эмгек акысын олуттуу өлчөмдө көтөрүүгө мүмкүн болгонун баса белгиледи. Мындан тышкары, жарандардын айрым категориялары үчүн социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйгөн. Жөлөкпулдардын айрым түрлөрү 2021-жылдын 1-октябрына чейин төлөнгөн жөлөкпулдардын суммасына салыштырмалуу 100-200%га көбөйгөн.

Мындан тышкары окуңуз

"Чакан ГЭС" ААКсы 120 кВт кубаттуулуктагы станцияларды орнотот

"Чакан ГЭС" ААКсы 120 кВт кубаттуулуктагы станцияларды орнотот

2026-жылы "Чакан ГЭС" ААКсы кубаттуулугу жогору электр кубаттоочу станцияларды орнотууга өтүүнү пландап жатканын компаниянын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Аалыайдар Слем уулу радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы компания кубаттуулугу 80 кВт болгон 10 даана тез кубаттоочу станция орноткон. Бул станциялар алыскы каттамдарга багытталып, айдоочулар жолдо баратканда унаасын

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Бишкектеги советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ишчара Бишкек шаарындагы Ата-Түрк атындагы сейил бакта интернационалист жоокерлердин мемориалында болду. Министрликтин маалыматына ылайык, курман болгондорду эскерүүгө ардагерлер, жоокерлердин туугандары, коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Учурда  "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди. "Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу