Бекешев: мамлекеттик сатып алууларды ачык кылуу керек, ишканалар товарларын кандай баада алып жатышканынан жарандардын кабары жок

Бекешев: мамлекеттик сатып алууларды ачык кылуу керек, ишканалар товарларын кандай баада алып жатышканынан жарандардын кабары жок

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн Фейсбук баракчасында учурда аэропорт, темир жол, “Мегаком” сыяктуу ири ишканалар керектөө товарларын кандай баада алып жатышканынан жарандардын кабары жок экенин жана мамлекетке миллиарддаган суммада зыян келтирилип жатканы тууралуу пикирин айтты.

“Ушунчалык кейиштүү. Кумтөр эмнени сатып алып жатканын эч ким билбеши үчүн, баардык мамлекеттик ишканалар Мыйзамдан алынып салынды, эми жарандар мамлекеттик ишканалар эмнени, кандай баада сатып аларын билишпейт. Мына эми миллиард сомдук зыяндын бетин ачып жатышат.

Күлкүлүү эле болду, бизди тоноп кеткен канадалыктарды кууп чыгабыз деп убада берип, алтын казган ишканага бир жылда эле ушундай зыян келтирдик. Тендер коррупцияга каршы күрөштө панацея эмес, бирок жок дегенде мамлекеттик ишканалардын сатып алуу процесси ачык-айкын болушу керек. Азыр ар бир компания (аэропорттор, темир жол, Мегаком ж.б.) коомдук көзөмөлсүз товарларды сатып алууда”, – деди депутат.


Белгилей кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы кечээ, 13-сентябрда Тенгиз Бөлтүрүктү убактылуу камакка алды. Себеби Эсеп палатасы Кумтөр кениндеги сатып алуулар боюнча финансылык мыйзам бузуулардын бетин ачкан болчу. Анда кенде күйүүчү-майлоочу май, азык-түлүк, запастык тетиктер рыноктук баалардан жогору баада сатып алынганы айтылган. Натыйжада, 1 млрд сомдук мамлекетке зыян келтиргени үчүн Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКга карата үч кылмыш ишин козгогон.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Учурда  "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди. "Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду. Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган. Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

Элкарт улуттук төлөм системасы менен HUMO өзбек төлөм системасынын ортосундагы өз ара эквайрингди ишке киргизүүнүн алкагында чек ара аркылуу төлөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул жаңы чечим MegaPay колдонуучулары үчүн накталай эмес төлөмдөрдү ого бетер ыңгайлуу кылат жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы каржылык кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. “Элкарт” улуттук төлөм системасынын маалыматына